Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: "Өлкөдөгү тышкы саясатты Жусупбек Шарипов, ички саясатты Асылбек Жээнбеков көзөмөлдөйт"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди.

Экс-депутат президенттин жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес деген пикирде.

“Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин аппаратында иштеген адамды тышкы иштер министри кызматына сунуштап жатышат. Азыркы учурда өлкөдөгү тышкы саясатты Жусупбек Шарипов, ички саясатты Асылбек Жээнбеков көзөмөлдөйт. Мен 6-7 ай мурун эле үй-бүлөлүк башкаруу болот деп айттым эле. Кудалары, күйөө балдары бийликте. Эми бардык туугандарынын кызматтарга отуруп алышын күтүш керекпи? Ошондо гана реформа болобу? Президенттин азыркы жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес. Анткени өзүнүн айткан сөзү менен кылган иши дал келбейт. “Коррупцияга каршы күрөшөм” деп оппоненттери менен күрөшүп жатат. Аткарган иши менен айткан сөзү карама-каршы болуп жатат. Эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өзүнүн туугандарын, таяке, жээндерин алып келет”, - деди Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, журналисттер Нарын Айып, Айданбек Акматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан