Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев ТИМдин башчылыгына сунушталган талапкер тууралуу: "Бул үй-бүлөлүк башкаруу башталды дегенден кабар берет"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал тышкы иштер министри кызматына татыктуу башка тажрыйбалуу кадрлар бар экенин айтты.

“Бул үй-бүлөлүк башкаруу башталды дегенден кабар берет. Абдан өкүнүчтүү. Андан башка тажрыйбалуу кадрлар бар. Азыркы күндө жаштарга ишеним көрсөтүүнүн өзү кыйын нерсе. Бул кызматка Аликбек Жекшенкулов татыктуу болмок. Ошондой кишилерден бул кызматка талапкер карап көрсө болот эле. Азыр Сооронбай Шарипович жалгыз болуп кыйналып жаткан кезде эски кадрлардан жардам керек болчу. Жекшенкуловго окшогон кадрлар министр болуп келсе жакшы болмок”, - деди Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, журналисттер Нарын Айып, Айданбек Акматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан