Журналист Айданбек Акматов ТИМдин башчылыгына сунушталган талапкер боюнча: “Жакындыгына тарткан саясат алыска барбайт”
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна журналист Айданбек Акматов жооп берди.
Журналисттин пикиринде, тышкы иштер министри болуп кызматка барчу адам тышкы саясатты жана коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени жакшы билген, ошол тармакта сыналган адам болушу керек.
"Мен чындыгында Чыңгыз Айдарбековду билбейт экенмин. Балким, бизге белгисиз, жаш дипломаттыр. Кантсе да ал мен үчүн жаңы ысым болуп жатат. Тышкы саясат - мамлекет үчүн эң негизги тармак. Ошон үчүн аталган министрликке тажрыйбалуу тышкы саясатты, геосаясатты, коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени жакшы билген, ошол тармакта сыналган адамдын келгени маанилүү. “Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар” дегендей, Айдарбеков жетекчилерге өзгөчө таланттуу, белгилүү адамдыр, бирок коомчулукка белгилүү эмес. Мындан улам ал бул кызматты кандай алып кетет деген бүдөмүк ойлор көп болот деп ойлойм. Эгер ал Асылбек Жээнбековдун жанында көп жүргөн болсо, анда кол ийрисине тартат дегендей саясат кетип жаткандыр.
Жакында эле чуулуу окуялар менен кызматтан кеткен эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова да мурда Асылбек Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеп, кызматка Жээнбековдун жардамы менен дайындалган экен. Эгерде Чыңгыз Айдарбеков дагы ошолордун айланасында жүрүп, билимине, тажрыйбасына эмес, жакындыгына тарткан саясат менен кызматка баратса, анда мындай саясат алыска барбайт. Бул баарыбызга белгилүү. Тажрыйбасы аз туруп, сүрөөн менен кызматка барган адам тышкы саясатта катачылыктарга жол берип алышы мүмкүн. Себеби баш ийип жүргөн адам жогору жакка сын, өз пикирин айта албайт, дайыма “лаппай” менен жүрөт”, - деди Акматов.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, журналист Нарын Айып, саясат таануучу Даниел Кадырбеков жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.