Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Айдарбековдун талапкерлигинин чыгарылышы - бул президенттин колу менен болуп жатканын көрсөттү"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал президент Жогорку Кеңештин артыкчылыктуу укуктарын пайдаланып жатат деген пикирде.

“Япониядагы элчибиз Чыңгыз Айдарбековдун ТИМдин башчылыгына сунушталып жатканынын бир көйгөйүн көрүп жатам. Айдарбеков президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште спикер болуп турганда тышкы иштер боюнча бөлүмдүн башчысы болуп иштеген экен. Ал 1998-жылдан бери аталган тармакта эмгектенет. Анын тажрыйбалуулугунан шегим жок. Мени ойлондурган нерсе, президенттин Жогорку Кеңештин артыкчылыктуу укугуна кирип кеткени болуп жатат. Тышкы саясатты өкмөт чечиши керек. Ал эми өкмөттүн курамын парламент чечиши зарыл.

Айдарбековдун талапкерлигинин чыгарылышы бул нерселер президенттин колу менен болуп жатканын көрсөттү. Атамбаевдин учурун билебиз да. Президент баарын өзү чечип, өзү башкарган. Мен президент Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына киришкендигинен маселе көрүп жатам. Бардык өкмөт мүчөлөрүнүн президенттин уруксаты менен шайланганы аз келгенсип, бардык министрлерди да өлкө башчы жылдырып жатканы туура эмес көрүнүш деп ойлойм. Ошондуктан парламентти өз артыкчылыктуу укуктарын так аткарууга чакырат элем. Эгер президент ар кандай жолдор менен жогорку кызматтарды өз адамдары менен толтурам деп жатса, анда бул бийликтин пайдасы жок болот. Ошондуктан ар бир институт бири-бирин толуктап, көзөмөлдөп турганы абзел. Баары өзүнүн чегинде иш кылса туура болмок”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, журналисттер Нарын Айып, Айданбек Акматов, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан