Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.
Ал Айдарбековдун талапкер катары сунушталганы күтүүсүз болгонун айтты.
"Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги баарыбызга күтүүсүз болду. Бул жерде Асылбек Жээнбековдун тиешеси болушу толук ыктымал. Чыңгыз Айдарбеков элчи катары жакшы жумуш көрсөтө алды. Бирок анын тажрыйбасы чоң министрликти башкарууга жетеби? Протокол бөлүмү менен министрликти башкарууда айырма бар. Чыңгыз Айдарбековду биздин өнөктөштөр, коңшу өлкөлөрдүн президенттери жана министрлери кандай кабыл алат? Министрликтеги башаламандыкты оңдой алабы? Тышкы саясатты туура жолго түшүрүп, замандын талабына жооп бердире алабы?
Азыркы тапта Тышкы иштер министрлигине оор салмактуу саясатчы керек болчу. Көйгөйлөр көп, президент жана премьер-министр менен тиреше турган маселелер бар. Чыңгыз Айдарбеков - жакшы кадр, профессионал. Бирок азыркы системдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Өтө күтүүсүз талапкер. Тышкы иштер министрлигине жаш кадрдын келгени бир жагынан жакшы көрүнүш. Айтылган көйгөйлөрдү чече алса, менимче, жакшы тышкы иштер министр болуп бере алат. Эң башкысы - саясий эрк жана профессионалдуулук. Көрсөтүлгөн талапкерде бул сапаттар бар деп үмүттөнөбүз”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, журналисттер Айданбек Акматов, Нарын Айып жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.