Күркүрөгөн күз мезгилинин дал ортосунда Кыргыз өлкөсүнүн көпчүлүк аймактарында кар жаады. Кечээ, 16-октябрда жаап баштаган кар Бишкек шаарында азыркы тапта да жаап уланып жатат.
Кар жалбырактары толук түшүп бүтө элек бак-дарактарды, гүлдөрү күүлүп түшө элек клумбаларды басып калды. Алар да жаратылыштын бул көрүнүшүнө моюн сунгансып ийилип турушат. Жашоочулар жылуу кийимдерин кийип, кадимки кышкы көрүнүш орун алды.
Ак кар баскан айланага айрымдар суктанып, сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп жаткан болсо, "Тазалык" ишканасынын жумушчуларында иш кызуу башталды. Бүгүн баш калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн миңдей жумушчу ишке тартылган.
Абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу шаар бийлиги эртең, 18-октябрдан тартып жылуулук берилет десе, синоптиктер келе жаткан жумада абанын температурасы +12, +16 градуска чейин көтөрүлөрүн билдиришти.