200 миң доллар пара алууга шектелген Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев боюнча тергөө аяктап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишти Башкы прокуратурага өткөрдү. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына УКМКдан тастыкташты.
Маалыматка караганда, иштин сотко ашышы Башкы прокуратуранын чечиминен көз каранды.
Буга чейин Чалбаевдин баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынган. Ал 313-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен айыпталып жатат.
2018-жылдын 16-апрелинде Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кармоо учурунда анын кан басымы түшүп кетип, "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ага инсульт деген диагноз коюп, ооруканага алып кетишкен.