Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга мамлекеттин атынан акчалай сыйлык тапшырылды. Алар жалпы 21 миллион 600 миң сомду бөлүп алышты

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан кыргыз спортчулар акчалай сыйлыктарга ээ болушту. 17-октябрда спортчулар, машыктыруучулар жана дарыгерлер сыйланды.

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында кыргыз спортчулары 20 медаль утуп алышкан, анын ичинен экөө алтын, алтоо күмүш жана 12 коло медаль.

Жеңил атлетика боюнча мелдеште алтын жана күмүш медалга ээ болгон Дарья Маслова 2 миллион сом сыйлыкка ээ болду. Анын машыктыруучулары Татьяна Борисова жана Сатыбек Чокаев 500 миң сом акчалай сыйлык алышты.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова жана жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалга ээ болгон Төрөкан Багынбай уулу 1 миллион 250 миң сомдон сыйлык алышты.

Жиу-житсу боюнча мелдештен коло медалды тагынган Муртазали Муртазалиев спортчу катары дагы, машыктыруучу катары дагы сыйланды. Ал 1 миллион 437 миң 500 сомго ээ болду.

Ошондой эле төмөнкү спортчулар акчалай сыйлыкка ээ болушту:

Эркин күрөш боюнча мелдеште күмүш медалды багындырган Магомед Мусаев - 750 миң сом;

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болгон Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов - 750 миң сомдон;

Жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медаль утуп алган Нурсултан Алымкулов - 750 миң сом;

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медалдардын ээлери Амантур Исмаилов жана Үзүр Жусупбеков - 500 миң сомдон;

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште коло медалдарды утуп алган Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова - 500 миң сомдон;

Оор атлетика боюнча мелдештин коло медалынын ээси Изат Артыков - 500 миң сом;

Жиу-житсу боюнча мелдештин коло медалынын ээси Абдурахман Муртазалиев - 500 миң сом;

Пенчак-силат боюнча мелдеште коло медаль утуп алган Жолдошбек Акимканов жана Данияр Токуров - 500 миң сомдон;

Бокс боюнча мелдеште коло медаль тагынган Азат Үсөналиев - 500 миң сом;

Дзюдо боюнча мелдеште коло медалдардын ээлери Артур Тё жана Владимир Золоев - 500 миң сомдон;

Андан тышкары машыктыруучулар жана дарыгерлерге акчалай сыйлыктар берилди. Жалпы эсепте мамлекеттин бюджетинен 21 миллион 600 миң сом бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2018-10-18 09:03:58
Ортомчулар илип кетишпесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан