Боорун алмаштырган Милан Садыкжан уулунун абалы жакшы, ал 20 күндүн ичинде мекенине кайтып келет

Боорун алмаштырган Милан Садыкжан уулунун абалы жакшы, ал 20 күндүн ичинде мекенине кайтып келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Садыкжан уулунун эжеси Акзуура Бекерова билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыкжан уулу кечээ,18-октябрда жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

"Милан өзүн жакшы сезип калгандыгына байланыштуу палатага которулду. Өз алдынча тамак ичип баштады. Ага донор болгон карындашынын да абалы жакшы. Операция 10 саатка созулду. Бир сутка дегенде өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүндө 6 күн жатты. Буюрса, ооруканадан 10 күндүн ичинде чыгат дешти. Абалы дагы жакшырганга чейин 10 күндөй Индияда болушат. Андан соң Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишет. Миландын маанайы жакшы, эң негизгиси операция ийгиликтүү өттү", - дейт Бекерова.

Буга чейин Милан Садыкжан уулу SUPER.KG порталына жардамга муктаж болуп жатканын айтып кайрылган. Кайрымдуу мекендештердин жардамы менен керектүү суммадагы акча чогулуп Индияга операция жасатуу үчүн учуп кеткен. Ал эми 12-октябрда ага операция жасалган.

Боорун алмаштырган Милан Садыкжан уулунун абалы жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
romaantik
2018-10-19 13:53:18
Аллахка шугур тезирээк айыгып кетсин
+8
filis
2018-10-20 00:21:35
Тенирим ден соолук берип, коп жашасын.
-1
myslimaaa
2018-10-20 02:10:17
Аллахыма шугурлор болсун. Эч качан ооруба балдарындын мандайында аман бол.
+3
KG.Kushtarbek
2018-10-20 04:16:54
Балдарындын ата енендин бактысына коооп кооп омур сургун ..ОООМИН!!
+2
AzKumFerDan
2018-10-20 13:47:29
Муну келинчеги кетип калган дейби.Орукчан эрди эмне кылам дегенго э.Бюрса Милан айыгып келет .Сени Бут Кыргызстан кутуп олтурат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан