Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Сотто "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурунку ээси Александр Кимдин иши каралды.
Журналист Нарын Айыптын социалдык түйүндөгү баракчасына жазганына ылайык, Жогорку Сот Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөттү.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле доогер Александр Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом өндүрүп берүү чечими кабыл алынган.
Александр Кимге басмакананын учурдагы ээси Александр Рябушкиндин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Рябушкин Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деген негизде андан 27 миллион сом талап кылган. Ал эми айыпталуучу өзүнө коюлуп жаткан айыпты четке кагып, муну саясий кысым катары айтып келген.