Бүгүн, 23-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-мелдеш күнү өтүүдө. Анда кыз-келиндер арасында мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Мээрим Жуманазарова чыкты.
Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде 1/16 финалда венгриялык Ванесса Уилсон менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Жуманазарова 1 мүнөт 31 секунддун ичинде эсепти 10:0 кылып жеңишке жетти. Муну менен Мээрим Жуманазарова мелдештин жарым чейрек финалына чыкты.