Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын туугандары табылып, ал кубанганынан көзүнө жаш алды

Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын туугандары табылды. Башынан оор жаракат алган жарандын аты-жөнү такталганын SUPER.KG'ге аталган ооруканада иштеген Элмира аттуу Кыргыз жараны кабарлады.

Кечээ башынан алган жаракатынан улам эс-тутуму начарлап кетип, 3 айга жакын убакыттан бери Москвада ооруканада жаткан Кыргыз жараны тууралуу жаңылык чыккан. Бүгүн таң эрте анын туугандары байланышка чыгып, элчиликке арыз менен кайрылып, тууганын мекенине алып кетүү аракетин көрүүдө.

"Ооруканада жаткан адамдын аты-жөнү Талас Турубаев экендиги белгилүү болду. Ал бир жылдан бери туугандарына байланышка чыкпай жүргөнүн жакындары билдиришти. Бүгүн анын эки иниси ооруканага келип кетишти, алар бүгүн дагы Бишкектен тууганы учуп келерин айтышты. Талас байке аны туугандары издеп келгенине аябай кубанып, көзүнө жаш алды. Анын аты-жөнүн аныктоочу документтери жок экен, учурда туугандары элчиликке кайрылуу аракетинде. Ошондой эле алар дарыгерлерге жолугуп сүйлөшүштү", - дейт оорукананын кызматкери.

Эске салсак, кечээ редакцияга Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан.

Москвадагы ооруканада өтө оор абалда жаткан Кыргыз жарандын туугандары табылды
Москвадагы ооруканада өтө оор абалда жаткан Кыргыз жарандын туугандары табылды 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sicilya
2018-10-24 17:06:20
Туугандары табылганы жакшы болуптур
+6
Koichuman
2018-10-25 01:13:21
Ар пенденин башына оору сыркоо салбасын. Жакшы болуп кетсин эртереек.
+2
aslan_akjol89
2018-10-25 09:37:51
Орус туугандарга да рахмат.3 айдан бери карап жатышкан экен.Бизде кээ бир жерлерде тууганын жанында туруп акчан жок болсо эле карабай коет го козун жалдыратып.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан