"Күйөө баланы кой сойдуруп сыноо", "жоолук жулмай" каадасы бар Ысык-Көлдөгү салттарды билесизби?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Күздүн келиши менен үлпөт тойлорго чакыруулар көбөйөт эмеспи. Шаан-шөкөттөн да тойлордогу каада-салттар элдин эсинде калары бышык. SUPER.KG порталы кыргыздын үйлөнүү тойдо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдары менен тааныштырууну улантат. Буга чейин Нарын жана Баткен облусундагы каада-салттар тууралуу айтып бергенбиз.

Эми Ысык-Көлдүн аймагында үлпөт тойлордо сакталып келген каада-салттар, ырым-жырымдар жана түрдүү жөрөлгөлөр тууралуу кеп кылабыз. Ысык-Көл облусу менен Нарын облусундагы каада-салттар окшошуп кетет. Мисалы, Ысык-Көлдө да "жоолук уурдоо", "сандык ачуу", "түштөндүрүү", "конок катуу" каадалары бар. "Түштөндүрүү" салты акыркы убакта көбүрөөк жайылганын аймакта жашагандар белгилешет. Ысык-Көлдөгү тойлор эмнеси менен айырмаланат деген суроого көпчүлүк келиндердин өмүр бою жүгүнүшүн айтышса керек. Чындыгында эле башка облустарда келиндер үлпөт тойдон кийин 3 ирет гана жүгүнүшөт. Жүгүнүү - сый-урматтын белгиси. Күн сайын жүгүнгөн келиндер үчүн бул саламдашуу катары каралат жана кыйынчылык жаратпайт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында үйлөнгөн жаштар

Асел Бекмурзаева өлкөбүздүн Баткен облусунда туулуп, өскөн. Учурда Ысык-Көлдүн келини. Каада-салттар тууралуу айтып берип жатып өзүнүн туулган жериндеги жөрөлгөлөрдү салыштырмалуу жөнөкөй деп эсептээрин белгиледи.

"Биздин үйгө конокторго кошулуп жаш келин жаңы төрөлгөн баласы менен келди. Кайненем "менин келиним дагы бала оросун" деп ырымдап баланын белин жоолук менен байлады". Дагы бир таң калган нерсе биз кой союп, бутун куйкалап бышырып, аны атайын көчөдө ойноп жаткан балдарга тараттык. Келин жакшы болсо "менин келиним дагы ушундай болсун" деп ырымдап көшөгөсүн сурап турушат экен. Менин көшөгөмдү да сурап калышса берем деп энем катып койду. Анан жашоосу таттуу болсун деп жаңы келгенде башыңдан ылдый таттууларды чачат экен", - деди.

ЭШИК-ТӨР КӨРСӨТҮҮ

Келин алган тарап кудаларын үйүнө чакырып эшик-төрүн көрсөтмөйүнчө кыздын туугандары алардын үйүнө келе алышпайт. Ошол эле нерсе кыздын ата-энесине дагы тиешелүү. Кызы менен күйөө баласын, кудасын үйүнө чакырып эшик-төрүн көрсөткөндөн кийин гана кыз төркүнүнө келе алат. Өлкөнүн түштүк тарабында бул каада “кыз көрдү”, “ата чакырды” деп аталат. Айырмачылыгы Ысык-Көлдө эшик-төр көрсөтүү болгондо кыздын себи берилет. Кыз узатуу тою өткөрүлсө, бул кыз тараптын эшик көрсөтүү каадасы аткарылды деп эсептелет.

Тоң районунда жашаган Гүлай Карызакова ноябрь айында кызын турмушка узатуу алдында турат. Ал учурда сеп даярдап жатканын белгилеп, эшик-төр көрсөтүү каадасы тууралуу кеп кылды.

“Септин ичинде 12 жууркан, 6 алты кат (жер төшөк), жаздык, килем, эмеректер, идиш-аяк, тиричилик техникасы берилет. Бирок көп учурда кудалар эмне оокат берилерин, кийит кийгизүүнү да өз ара кеңешип алышат. Мен кызыма берем деп даярдаган септи кудалар бизди эшик-төр көрсөтүүгө чакырышканда алып барып берем. Биздин келиндерибиз, кызымдын жеңелери барып жүктү жыйып беришет. Жүк жыйгандарга, кыздын кийим-кечесин алып баргандарга куда тараптан сый көрсөтүлөт”, - деди ал.

Кыздын жеңелери септи бир бөлмөгө алып киришет. Көшөгөнүн эки учуна жоолук байлап, анан илишет. Даяр болгон бөлмөгө жалаң аялдар кирип кыздын апасы же жеңеси алып келген үй оокаттарын көрсөтүп беришет. Көшөгөнүн эки четине байланган жоолукту жүк көрүүгө киргендер алат. Кээ бир учурда жоолукту эмес, кыздын кийимдери салынган сандыкты ачкан адам ырымдап үстүндө турган буюмдардан бирөөнү алат. Сандыктын түп жагына кыз өзүнүн кийимин, үстүнө жоолук, жүз аарчы өңдүү буюмдарды салышат. Жүк көрүп бүткөн соң кыз тарап алып келген таттуулар, боорсокторду таратышат. Азыркы учурда себетке салып, көрктүү белек катары жасагандар да бар.

КҮЙӨӨ БАЛАНЫ КОЙ СОЙДУРУП СЫНОО

Келиндин колунан ысык чай ичип же кандай тамак жасаганын сыноо көп аймактарда эле кездешет. Ысык-Көлдө күйөө баланы кой сойдуруп сыноо каадасы бар. Күйөө бала кайын журтуна барганда өздөрү алып барган койду союп, даярдап бериши керек. Эгер кой сойгонду билбесе, анын досу союп берет. Күйөө бала да, күйөө жолдоштун дагы кой сойгонду билбегени уят. Жети-Өгүз районунун жашоочусу Дамира Кыдырмашева кой сойдуруп сыноо каадасы заманга жараша өзгөргөнүн айтат.

“Негизи күйөө балага сөзсүз кой сойдурат деп коюшат. Илгери ошентип күйөө бала баштан-аяк койду союп даярдачу. Азыр кой союп баштап коёт, калганын куда тарап өзү бүтүрүп, бышырат. Азыр ырымдап эле аткарылып, күйөө баланы сыйлашат. Салттар дагы заманга жараша өзгөрүп кетти”, - деди.

ЖООЛУК ЖУЛМАЙ

Келин көшөгө ичине отуруп, аны көрүүгө келгендер жоолук салышат. Жоолук көшөгөгө илинет. Тойго келген аялдар баары бир бөлмөгө отурушат. Алгач жаңы келин жана анын артына 5-6 жаш келин тизилип турат. Баарынын башына жоолукту төрт бурчтук боюнча жабышат. Келиндер отурган аялдарды аралап жүгүнүп басышат. Отурган аялдар жоолукту жулуп, өздөрүнө белек катары алышат. Мындай кызыктуу салт учурда көп жасалбай калганы айтылды.

Жоолук салуу – келин үйгө жаңы келгенде ага кайненеси эмес, колунан бардык нерсе келген чебер, үлгүлүү аялдарга салдыруу каадасы дагы бар. Бул келин да жоолук салган аялдардай болсун деген жөрөлгө. Бирок кайненеси келинине жоолукту өзү салган учурлар көп кездешет.

Аркан тартуу - кызды узатып кетип жатканда кошуналары аркан тартышы мүмкүн. Аркан тарткандарга акчалай сыйлык, даам таттырышат. Эгер аркан тартышарын кыздын ата-энелери укса “кызымдын жолун тоспосун, жолу шыдыр болсун” деп алдын ала дасторкон даярдап коюшат.

Нике кыйылып жатканда суудан тышкары сүткө кум шекер салып ичирген учурлар дагы болот. Таттуулар, боорсок дагы коюлат.

Урматтуу, окурман! Үйлөнүү тойлордо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдар Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облусу менен гана чектелбейт. Эгер сиз жашаган аймакта да үлпөт тойлордо колдонулган өзгөчө жөрөлгөлөр болсо SUPER.KG порталына 0557 47 39 39 номери аркылуу кабарласаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikaaaa
2018-10-29 22:48:10
Сөөк койгондогу ырым жырымдарын да айтсаңар болмок. Ал жактардан да айырмачылыктары бар,ар бир жердин өзүнчө
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан