Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын туугандары изделип жаткан эле. Ал башынан алган жаракатынан улам эс-тутуму начарлап кеткени, эгерде жакындары табылбаса кымбат дарыларды саюу токтотула турганы айтылган.
SUPER.KG'ге маалымат чыккандан кийин аты-жөнү белгисиз болуп жаткан бейтаптын туугандары табылды. Анын жеңеси Гүлнара Нурбекова азыркы учурда документ иштери менен жүргөнүн айтты.
Белгилүү болгондой, Орусияда ооруканада жаткан жарандын аты-жөнү - Талас Турубаев. 1983-жылы Талас шаарында туулган. Акыркы 6-7 жыл аралыгында Орусияда иштеп жаткан.
"Биз кечээ порталдан окуп калдык. Аны менен бир жылдан бери байланышка чыга албай жатканбыз. Азыр консулдук, элчиликтен инибизди Кыргыз жерине алып келүү жолдорун, документтерин кайра калыбына келтирүүнү сурап-билип жатабыз. Бүгүн видеочалуу аркылуу сүйлөштүк. Бирок ал бизди тааныбай койду. Аты Талас экенин, уулу бар экенин гана эстеп жатат. Эгер дарыгерлер Кыргыз жерине алып келүүгө уруксат беришсе, алып келебиз", - деди Гүлнара Нурбекова.