Ымыркай сатууга шектелген 5 дарыгер соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Учурда алар тарабынан 4 ымыркай сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин коллегиялык жыйынында Бишкек ШИИББИинин башчысы Сталбек Рахманов билдирди.
Шаардык милициянын башчысынын айтымында, учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Буга чейин бала сатууга шектелип 5 гинеколог кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси (мыйзамсыз боюнан түшүрүү), 124-берене (адамдарды сатуу) жана 350-берененин (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде иш козголгон.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында дагы башка шектүү медицина кызматкерлери бар. Шектүү дарыгерлер ымыркайларды Орусия жарандыгын алган кыргыздарга сатышканы да белгилүү болгон.