Бүгүн, 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери орун алды. Анда 55 килограммга чейинки салмак ченинин финалында Кыргыз өлкөсүнөн 19 жаштагы Жоламан Шаршенбеков катышты.
Шаршенбеков финалда жаштар арасындагы Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону азербайжандык Эльдениз Азизли менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө азербайжандык балбан мыктыраак болуп, Жоламан Шаршенбеков 0:10 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен азербайжандык балбан алтын медалдын ээси болсо, Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга татыды.