Токко урунуп эки колунан ажыраган 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча аскердик прократура дагы эки кызматкердин ишин сотко жиберет. Бул тууралуу башкы штабдан билдиришти.
"Майлуу-Суудагы №30295-аскердик бөлүктүн тылдагы командиринин орун басары жана батир менен камсыздоо кызматынын башчысынын күнөөсү аныкталы. Иликтөө иштерин жүргүзгөн Аскердик прократура алардын иши жакын арада сотко өткөрүлүп берилет", - дейт маалымат катчы.
22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.
Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.