Месси жокто Суарез, Роналду жокто ким? Эль-Класико кайрадан мыкты шоу тартуулады

Испания чемпиондугунун 10-турунун алкагында "Барселона" клубу мадриддик "Реалды" өз талаасында кабыл алды. Оюн акыркы 10 жылдыктын ичинде алгачкы ирет Криштиану Роналду жана Лионель Мессинин катышуусусуз өттү. Роналду өткөн жайда Ювентус клубуна өтсө, Месси Севилья клубу менен өткөн беттеште алган жаракатынан улам оюнга катыша алган жок.

"Камп Ноу" стадионунда орун алган беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта, "Барса" талаанын кожоюну ким экенин белгилеп, оюнда үстөмдүгүн көрсөтө баштады. Үстү-үстүнө уюштурулган чабуулдардан майнап чыгып, 11-мүнөттө Жорди Альбанын чыгарып берген пасын Фелиппе Коутиньо дарбазага ийгиликтүү багыттап, эсеп санын ачты. Өткөрүлгөн гол "Реалдын" оюнчуларын активдештире алган жок. Тескерисинче, голдун даамын таткан каталондуктар чабуулун андан ары улантып жатышты. 30-мүнөттө Рафаэль Варан айып аянтчасынын ичинде Луис Суарезди буттан чалып жыгылтты. Башкы калыс бул эпизодду байкабай калганы менен, видеокайталоо баарын өз ордуна коюп, каталондуктар 11 метрлик айып сокку узатуу укугуна ээ болушту. Соккуну Суарез өзү таамай аткарып, эсепти 2:0гө айлантты.

Биринчи бөлүк "Барсанын" үстөмдүгү менен жана "Реалдын" алыстан узатылган соккулары менен уланып, бирок эсеп өзгөрүүсүз калды.

Экинчи таймда коноктордун коргоочусу Варанды Лукас Васкес алмаштырып, Начо Фернандес коргонуунун борбордук бөлүгүнө өттү. Начонун позициясына келген Васкес оюнду активдештирип, "Реалдын" жандана түшкөнү байкалды. 50-мүнөттө Исконун чыгарган пасы "Барселонанын" оюнчуларына тийип өтүү менен Марселонун карамагына келди. Мүмкүнчүлүктү текке кетирбеген мадриддик коргоочу эсеп санын кыскартканга жетишти. Оюн андан ары толук түрдө коноктордун үстөмдүгү менен уланып жатты. Башкы машыктыруучу Хулен Лопетегги өз командасынын оюнуна киргизген өзгөртүүлөргө талаа ээлери кантип жооп берерин аңдагыча "Реал" бир нече кооптуу чабуулдарды уюштуруп, эсептин теңелишинен бир гана кокустуктар сактап турду.

Бирок Эртесто Вальверде алмашуулар менен атаандашка татыктуу жообун бере алды. 69-мүнөттө Рафиньянын ордуна Нелсон Семеду талаага чыкса, 74-мүнөттө Коутиньонун ордуна Усман Дембеле оюнга кошулду. 75-мүнөттө Дембеленин уюштурган чабуулу Сержи Робертого жетип, ал Суарезге 2-голун жаратканга шарт түзүп берди. 3:1ге айланган эсеп мадриддиктердин шаабайын суута алган жок. Алар майнап чыкпаса да, чабуулдарын улантып жатышты. 83-мүнөттө Серхио Рамостун кетирген катасы Суарездин 3 голуна алып келди. Дал ушул голдон кийин гана коноктордун ындыны таптакыр өчүп, чабуулга чыгууга алы калбай калгандай болду. 93 миң көрүүчүнүн сүрөөнү менен "Барселона" 87-мүнөттө дагы бир гол жаратып, эсепти 5:1ге айлантты. Бул голдун автору 84-мүнөттө Артурдун ордуна талаага чыккан Артуро Видаль болду. Жыйынтыгында "Барселона" клубу өз талаасында "Реал Мадриддин" үстүнөн ири эсептеги жеңишке жетишти.

Роналду менен Мессинин жоктугу кандай таасир берди?

Лионель Мессинин жоктугу "Барселонанын" оюнуна эч кандай терс таасирин тийгизген жок. Лидердин жоктугун Суарез билдирбей, хет-трик жасоо менен оюн тизгинин өз колуна ала алды. Ал эми Криштиану Роналдунун ордун басчу бомбардир азырынча Мадридде пайда боло элек. Буга Карим Бензема, Лука Модрич, Гарет Бейл, Марко Асенсио сыяктуу футболчулардын колдон чыгарылган бир нече мүмкүнчүлүктөрү далил. Күйөрмандар "Реалдын" ийгиликсиз оюнуна башкы машыктыруучу Хулен Лопетеггини күнөөлөшү мүмкүн. Бирок мунун баарына командада оюнду өз колуна алып, лидерлик сапатын көрсөтө алган оюнчунун жоктугу себеп экенин оюндан кийин Мадриддин ардагер оюнчулары баса белгилеп кетишти.

Лопетеггинин доору бүттүбү?

Оюндан кийин көпчүлүк испан басылмалары Хулен Лопетегги жакынкы аралыкта жумушунан кол жууп, ордуна италиялык машыктыруучу Антонио Контенин дайындала турганын жазып чыгышты. Президент Флорентино Перестин буга чейин 10 машыктыруучуну жумуштан алганын эске алсак, Лопетеггинин жакын арада Перес тарабынан айдалган 11-машыктыруучуга айланарын боолголоо кыйын эмес. Команданын капитаны Серхио Рамос да "Реалдын" башына жаңы адам келиши мүмкүн экенин оюндан кийинки интервьюсунда кыйыта кетти.

"Биз, Лопетеггини колдойбуз. Аны менен аягына чейин бирге болобуз. Бирок чечим жогору жактан кабыл алынат. Ал жакка оюнчулар эч кандай таасир эте алышпайт. Бир гана күтө туруу керек" деди Рамос.

"Барселона"-"Реал Мадрид" 5:1

Голдор: Фелиппе Коутиньо 11', Луис Суарез 30'75'83', Артуро Видаль 87' - Марсело 50'.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2018-10-29 11:13:02
Барселона мыктынын мыктысы экенин далилдеди
+3
murat17
2018-10-29 17:14:32
nemo2016,туура реал быйыл цсканын даражасында эле
+2
Modric10
2018-10-29 18:06:30
Жакшы оюн болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан