Экономика министрлиги: "2018-жылы 20 шаарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом жумшалган"

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда 2018-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары каралууда.

Анда депутат Улан Примов 2018-жылга бюджеттен аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 миллиард сом кайда жумшалганын сурады.

“2018-жылга аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттар каякка, эмне иштерге жумшалды? "Шаарларды өнүктүрүүгө жумшалды" дедиңиз, мага 3 шаарды мисал катары айтып кетсеңиз”, - деди Примов.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев 2 миллиард сом өлкөдөгү 20 шаарды өнүктүрүүгө, ошол аймактагы кайра иштетүүчү ишканаларды ачуучу долбоорлорго багытталганын айтты. Ал эми кайсы шаарда кандай иштер аткарылганы тууралуу маалыматты чиновник кагаз жүзүндө берерин убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Daniel01
2018-10-29 13:26:28
кагаз жүзүндө берерин убадалады. Ппффф эл учун иштеп жаткандан кийин элин алдында килган ишинерди айткандан уяласынарбы
+2
Shekeev969798
2018-10-29 13:43:27
Кана онуккону? акча берип коюп калганын козомол кылбайсынарбы силер?
+2
Alia82
2018-10-29 14:11:22
Чын эле бир жакшы иш кылса сурабаса да айтса кк эле дейм
+2
Frunze2
2018-10-29 14:56:53
Лохотрон. Жеп алган да... 20 шаар тугул, 2-3 шаарда кыйратып жумуш жасалган жок. Ошол акчага 5-10 завод фабрика ачып коюга болот чакан жана орто коломдогу. Булар 1 завод курууга да жарашкан жок, жеп коюшкан. Прокуратура, фин.пол, эсеп палатасы уктап жатат...

Олкодо тоок, козу, телефон уурдагандар камалып соттолот да, миллиард уурдагандар согуш берилип, ашып барса кызматынан бошотуп коюшат, уурдаган акчасынан болушсо...

Деика, бул Кыргызстан дечу беленер?!!.....
+1
Abdusamat.kg
2018-10-29 15:25:08
Акмактар акмактар!!! Жегениңерди бир күн жооп бересиңер кусуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан