Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
Жыйында депутат Жыргалбек Турускулов коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке жалпы канча акча которулганын сурады.
Анда каржы министри Адылбек Касымалиев канча каражат которулганын так айта алган жок. Комитет төрагасы Канат Керезбеков бул боюнча Башкы прокуратуранын өкүлү жооп бериши керектигин айтты. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев аталган эсеп боюнча Каржы министрлиги жооптуу экенин билдирди. "Эсепке Башкы прокуратура тарабынан 100 миллион сомго жакын каражат которулду", - деди Дүйшембиев.
Жыргалбек Турускулов жыйындын соңуна чейин эсепке түшкөн каражат боюнча маалымат берүүнү талап кылды.
22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.