Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттүн келип чыгуу себеби айтылды

Кечээ, 29-октябрда борбор калаанын Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан.

Бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине таянсак, өрт электр тогунун жардамы менен ширетүү ишинде өрт коопсуздугу сакталбагандыгынан улам келип чыккан.

"Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы, 3 кондиционер жана 22 пластик терезе күйүп кеткен. Учурда эсептөө, тактоо иштери уланууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес, өрт башталган соң көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын баары сыртка чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2018-10-30 13:38:27
Сырты пенопласт болбойт да бат куйот негизи коп кабатуу уйлордун сыртына пенопласт колдонбош керек эле арзанына качырышканда кайрандар десе....
+4
kenje-888
2018-10-30 16:42:15
уй сатып алып жатканда фасадка да конул буруш керек а то азыр курулуш компаниялар козу карындан да коп эптеп септеп дегендей
0
talaa11
2018-10-30 20:00:30
Пенопластын ордуна Стекловата койуш керек ошол жакшы куйбойт тутоп,тутоп очуп калат озуле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан