Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкек шаарында Октябрь районуна караштуу Көк-Жар конушунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өрт Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3-үйдөн чыккан. Анда 9 кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан чыккан өрт 9-кабатка чейин үйдүн бетиндеги жасалганы жалмап кеткен. Кырсык тууралуу маалымат түшкөн соң, аталган дарекке барган өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 17:32де толугу менен өчүрүшкөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.

"Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес, өрт башталган соң көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын баары сыртка чыгарылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bessmertiy
2018-10-29 18:49:22
10 кабат болуп турат го
+1
Asa0033
2018-10-29 19:31:31
bessmertiy, алдынкы кабат цокольный этаж деп айтылат. Ал жак магазин, аптекаларга берилет. Адамдар жашабагандыктан ал эсепке алынбайт укам, ошончун 9-кабат деп берилсе керек
-1
GULZAT.83
2018-10-29 19:13:12
ошондо уйдун сыртындагы жасалга пластик болгонбу не куйуп кеткидей
0
TalaCSKA
2018-10-29 20:59:16
Пенопласт менен жасалган турбайбы.арпен деп койушат бул материалды. сатуучулар куйбойт деп гарантия беришет мына ишенбесен деп зажигалка менен куйгузуп корсотушот. зажигалка менен куйбойт бирок табы кучтуу от болсо шеренкедей эле куйуп кетет.ошону учун пенопласт колдонбогула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан