"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман буга чейин "Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылынын тургуну 35 жаштагы Болот Өмүрбеков бир жылдан бери дайынсыз болуп жатат" деп билдирген.
Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылып, төмөнкү жоопту алдык.
"Дайынсыз болуп изделип жаткан жаран боюнча Кара-Көл РИИБинин кызматкерлери 123-берене (адам уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөдө дайынсыз жоголгон адамды акыркы жолу тосуп алган эки жаран суракка чакыртылып, алардын телефондорундагы келген жана чыккан чалуулар текшерилген. Учурда тергөө жүрүүдө", - деди маалымат катчы Мыктыбек Турдубеков.
Белгилей кетсек, бизге кабар жиберген окурман: "2017-жылдын 19-сентябрь күнү саат 5терде Алтынбек Көчкөнбаев деген жаран иним Болот Өмүрбековду үйдөн ээрчитип чыгып кеткен. Аларды Үч-Теректен Кадырбек Акматов деген адам тосуп алган. Ошол боюнча иним дайынсыз болуп жатат. Биз 5 күн өткөндөн кийин угуп издеп баштадык. Менин бир туугандарым Кара-Көл шаарынан Кадырбек Акматов менен Алтынбек Көчкөнбаевди таап милиция кызматкерлерине тапшырышат. Милиция кызматкерлери экөөнү эки күн сурап эч нерсе айтпай койду деп чыгарып жиберишкен. Ошол күндөн бери Кара-Көл шаардык милиция кызматкерлерине бара берип чарчадык. Иним Болот Өмүрбековду табууга жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Алтынбек Көчкөнбаев менен Кадырбек Акматов иним каякта экенин билишет. Бирок айтпай качып жүрүшөт", - деген.