ЭЛДИК КАБАР: "Инимди ээрчитип кеткен эки кишини милицияга таап берсек алар коё беришкен. Иним бир жылдан бери дайынсыз" дейт окурман

Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылынын тургуну 35 жаштагы Болот Өмүрбеков бир жылдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу анын эжеси Гүлайым Өмүрбекова SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө билдирди.

"2017-жылдын 19-сентябрь күнү саат 5терде Алтынбек Көчкөнбаев деген жаран менин иним Болот Өмүрбековду үйдөн ээрчитип чыгып кеткен. Аларды Үч-Теректен Кадырбек Акматов деген адам тосуп алган. Ошол боюнча иним дайынсыз болуп жатат. Биз 5 күн өткөндөн кийин угуп издеп баштадык. Менин бир туугандарым Кара-Көл шаарынан Кадырбек Акматов менен Алтынбек Көчкөнбаевди таап милиция кызматкерлерине тапшырышат. Милиция кызматкерлери экөөнү эки күн сурап эч нерсе айтпай койду деп чыгарып жиберишкен. Ошол күндөн бери Кара-Көл шаардык милиция кызматкерлерине бара берип чарчадык. Иним Болот Өмүрбековду табууга жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Алтынбек Көчкөнбаев менен Кадырбек Акматов иним каякта экенин билишет. Бирок айтпай качып жүрүшөт", - деди Гүлайым Өмүрбекова.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
voennyi88
2018-10-22 13:33:30
Жердешим забыла эле турбайбы дагы деле...
0
Ulik-real
2018-10-22 14:06:45
Баштарына пакет кийгизгенде эле тиги эко токпой чачпай айтып берет
+4
Alia82
2018-10-22 14:50:50
Табылып калсын ,негизи милициялар деле билсе кк тигилер оозун жаап койгондур да эмесе оңойчулук мн коё бербейт болчу аларды деле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан