Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда жарым финалга чыккан алгачкы команда аныкталды

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.

Өлкө биринчилигинин 3-мелдеш күнүнүн алгачкы беттешинде Чүй облусунун курама командасы Ош шаарынын курамасы менен кездешти. Бул беттеш 12:3 эсеби менен жыйынтыкталып, Чүй курамасынын жеңиши менен аяктады.

Беттештин 1-бөлүгүндө Чүй облусунун улакчылары 6:1 эсеби менен алдыга чыгып, 2-бөлүк 1:2 эсебинде аяктады. 3-бөлүктө Чүй облусунун курамасынын оюнчулары атаандашынын тай казанына дагы 5 улак таштады. Муну менен беттеш 12:3 эсебинде Чүй облусунун жеңиши менен аяктап, чүйлүк улакчылар мелдештин жарым финалына чыкты.

Бул беттеште Чүй облусунун курама командасынан 3 улакты Кубаныч Султан уулу, 2 улактан Фархад Бейшекеев, Бекназар Аматов, Улан Насакеев, Рустам Тыналиев таштаса, 1 улакты Санжар Идирисов таштады. Ал эми Ош шаарынын курамасынан 1 улактан Өмүрбек Окошов, Нурсултан Шамырза уулу жана Санжар Батырбек уулу таштады.

Оюндардын жүгүртмөсү:

31-октябрь.

Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Чүй облусу - Ош шаары - 12:3;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Ош облусу - Нарын облусу;

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Талас облусу - Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2018-10-31 13:10:08
Жалал-Абад не болтат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан