ЭЛДИК ВИДЕО: "Индонезияда кыйраган учактагылардын кырсыктан саналуу мүнөттөр мурунку видео, сүрөтү тарады"
SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Индонезияда кыйраган учактагылардын кырсыктан саналуу мүнөттөр мурунку видеосу" деген видео жүктөлдү.
Видео Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жарыяланган. Анда кулап бара жаткан учактын ичи тартылып, жаратканга жалынып, келме келтирип жаткан адамдардын үнүн угууга болот.
Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары учак кыйрап бара жаткан учурда тартылган сүрөттү жарыялаган. Маалыматта бул сүрөт кырсыкка бир нече мүнөт калганда тартылганы айтылган.
Айта кетсек, 29-октябрь күнү "Lion Air" авиакомпаниясынын Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учак учкандан 13 мүнөт өткөн соң учууну көзөмөлдөөчү радардан көрүнбөй калган. Кийинчерээк куткаруу кызматы учак кырсыкка учураганы маалымдаган. Боинг 737 учагында 188 жүргүнчү болгон. Учак деңизге кулап, бир дагы адам аман калган эмес.