Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 15-ноябрга дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда SUPER.KG порталына маркумдун уулу Акай Салянов билдирди.
Буга чейин 24-октябрга белгиленген соттук отурум ишти карап жаткан судья ооруп калгандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Анда соттук ишти кароо жылдырылганы алдын ала айтылбай, иш караларына 2 саат калганда гана маркумдун туугандарына кабарланган болчу.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.