Ош шаарында 16 жаштагы кыздын көз жарганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 2002-жылы туулган кыз Өзгөн районунун тургуну, ал Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 28-октябрда көз жарган. Кыз алгач жашын жашырып койгон, кийин төрөт үйүнөн чыгып жатканда анын апасы кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келген.
"Бул факт боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Эгер жашы жете элек кыз зордукталып же алданып калганы аныкталса Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголот", - деп билдиришти милициядан.