Асынып каза болгон Эрмектин милициянын сабоосунан пайда болгон делген денесиндеги көк ала тактар жана сүйлөшкөн кызына жиберген акыркы каттары

Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын мал уурулукка шектелген 18 жаштагы Эрмек Касымов аттуу тургуну 22-октябрь күнү айыл четиндеги даракка асынып каза болгон. Атасы Нурлан Асанбеков уулунун өлүмүнө милиция кызматкерлеринин кыйноого алганы түрткү болгонун айтууда.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы Эрмек айыл тургунунун үч коюн уурдап, 12 миң сомго сатып жибергенин жана ал акчага сүйлөшкөн кызына туулган күнүнө белек катары телефон сатып бергенин билдирүүдө.

Бүгүн, 5-ноябрда каза болгон Эрмектин атасы SUPER.KG'ге анын сүйлөшкөн кызы менен өз жанын кыюудан бир күн мурун жазышкан катын жиберди. Ал катта Эрмек телефонду өз мээнети менен тапкан акчага сатып бергенин жана ак экенин билдиргени жазылган.

"Мени кечирип койчу. Мен силердин алдыңарда күнөөлүү болсом да, Кудай алдында тазамын жана акмын. Сага алган телефонду өзүмдүн ак эмгек менен тапкан акчама алгам. Мени жөн жерден күнөөлүү кылып койду. Кандай түшүнсөң ал өз эркиң, мени кечир. Мени жөн жерден сенин үй-бүлөңө уят кылды. Менимче экөөбүз бири-бирибизди көрбөй калдык го",- деп жазган катын.

Андан сырткары бала асынып каза болгондон кийин экспертиза учурунда башында шишик, буттарында жана жан жеринде көк ала тактар бар экени байкалган сүрөттү жиберди.

Ысык-Көлдүн 18 жаштагы тургуну милициянын кыйноосунан кийин асынып алдыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
States
2018-11-05 20:16:34
Убалы уктатпасын силерди ким кылса дагы
+20
Altun76
2018-11-05 20:39:38
Намыской бала экен,эгер чындап урдаган болсо муунуп олбойт болчу,уруп мойнуна алдырган жаш баланы элге уят болдум деп жанын кыйган да,ууру болсо бет деле болбойт эле олбойт болчу уурулар урдап койуп билсен деле жанында журбойбу.
+29
KRIMINAL
2018-11-05 20:50:33
Уят болдум деп жүрөктү эзетке. Күнөлүүлөрдү АЛЛАХЫМ өзү жазаласын. АЛЛАХЫМ өзү кечирсин баланы((
+17
BoDiNur
2018-11-05 21:47:22
Мал уурдагандар олуп кетип адам олтургондор, миллиондорду уурдагандар журот, айбандардын артынан
+20
Koichuman
2018-11-05 23:09:45
Ата-эне учун эн жаман нерсе бул оз баласынан айрылгандык. Кайран жаштык намыстуу жигиттей сезилесин,Аллаахым озу кечирсин ата энесине сабыр тилейбиз. Прокуратура ушул ишти акыйкат кылып караш керек деген умуттобуз!
+10
Asyl10
2018-11-06 01:15:49
Бул иш жакшылап иликтенбесе милициялар шектуу деп кармалгандарды ур-токмокко ала беришсе анда мындай нерселер коп болот. Ошол картошка,акча талап кылвп, ур-токмокко алган милиция кызматкерлерин Эрмектин чыркырап кеткен жаны тынч уктатпасын. Ай кыздар жигитинерден кымбат белек алганынарды токтоткулачы, кийин эрге тийгенде деле ала бересинер. Суйлошкон кызына телефон алып бере коём деп балээге калды кайран жигит. Тигинин жигити мындай белек бериптир деп кулакташат экен азыркы кыздар.
+6
Nuri1988Elim2010
2018-11-06 09:03:14
Ата-энесине,бир туугандарына сабыр!Акыйкат болсо кана
+4
aykyz
2018-11-06 09:16:11
Сезгенчээк дегени эмнеси?
-3
barakcha
2018-11-06 10:05:38
aykyz,чувствительный
0
bekov01
2018-11-06 10:28:25
Катуу жазалаш керек бул акмактарды
+1
Diyana
2018-11-06 11:25:35
Намыстуу, эстуу бала болгон экен эле, озунд асканда бир аз жаштык кылып коюптурда. Элди коргогондун ордуна качан болсо ушинтип сабап карапайым калкты кыйнаган милиция кызматкерлерине ХХХХХХХХ
+1
DAVLES
2018-11-06 11:31:41
Үч койго татыбаган жигиттин өмүрү!
0
FK2
2018-11-06 11:58:50
Милициянын эле кылганы бул. Ошон учун алардын ар бир болмого камера орнотуу керек. Керек болсо ИВСтерге дагы.
0
Yiman97
2018-11-06 14:19:04
Эмне дешти да билбейм уурулук кылган кездеда мынчаалык кыйноонун эмне кереги бар 2 кой адам омуруно арзыйбы ? Кыргыстанды тушунуш кыйын болуп калдыго ошончолук ууруларды билгинер келсе миллион урдаган уурулар башыбызда отурат билсенерда ун чыга албай отурасынар ТЕЦтеги уурулардын дайынын тапкыла анчалык ууркуларды катуу кармасанар
0
suranam
2018-11-06 19:26:04
Аман эле болгула да! ХХХХХХХХХХХХ
0
Aitunuk
2018-11-06 22:32:23
Авторлор, "СЕЗГЕНЧЭЭК адам" болбойт, "СЕЗИМТАЛ адам" болуп айтылат жана жазылат. Кыргыз тилинин чалмакейин чалбасаңар, мусорлорго толтуруп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан