Бүгүн, 6-ноябрда футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын жыйынтыктоочу 28-туру өттү. Анда оюн талаасында "Абдыш-Ата" - "Дордой", "Илбирс" - "Алай" жана "Нефтчи" - "Алга" командаларынын беттештери орун алды.
"Абдыш-Ата" - "Дордой"
Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" алдын ала чемпиондукту камсыздап койгон Бишкектин "Дордой" командасы менен кездешти. "МИС" стадионунда орун алган беттеш 2:1 эсебинде "Дордойдун" жеңиши менен аяктады.
Акыркы турдун жыйынтыгында "Дордой" 68 упай менен 1-орунда жайгашса, "Абдыш-Ата" 55 упай топтоп 3-орунда жайгашты.
"Абдыш-Ата"-"Дордой" - 1:2;
Стадион "МИС", Кант шаары;
Калыс: Дмитрий Машенцев (Ош).
"Илбирс" - "Алай"
Бишкек шаарындагы "Футбол борборунун" талаасында "Илбирс" Оштун "Алай" футболдук клубу менен беттешти. Беттеш 1:5 эсеби менен аяктап жеңишке "Алай" командасы жетти.
28-турдун жыйынтыгында "Алай" 60 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 2-орунда орун алса, "Илбирс" 18 упай менен 6-орунда жайгашты.
"Илбирс"-"Алай" - 1:5;
Стадион "Футбол борбору", Бишкек шаары;
Калыс: Спартак Даниленко (Бишкек).
"Нефтчи" - "Алга"
Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" өз талаасында Бишкектин "Алга" футболдук клубун тосуп алды. Беттештин жүрүшүндө "Нефтчинин" оюнчулары 3 гол киргизсе, "Алганын" футболчулары 1 гол менен жооп берди.
Муну менен "Нефтчи" 47 упай менен 4-орунга көтөрүлсө, "Алга" командасы 46 упай менен 5-орунга төмөндөп калды.
"Нефтчи"-"Алга" - 3:1;
Стадион "Нефтчи" Кочкор-Ата шаары;
Калыс: Бахадыр Кочкаров (Ош).
Кечээ, 5-ноябрда 28-турдун алкагында Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда жергиликтүү "Кара-Балта" Оштун "Академия" командасын кабыл алган. Беттештин 1-таймында "Кара-Балта" 2:1 эсеби менен алдыда келе жаткан, бирок 2-таймда "Академиянын" футболчулары эсепти тең кылып, андан соң 2:3 кылып жеңишти илип кетти.
Бул жыйынтык менен "Академия" жалпы упайларын 12ге жеткирип, жадыбалда акыркы орунду ээледи. Ал эми "Кара-Балта" командасы 13 упай менен 7-сапта орун алды.