17-октябрь күнү Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен оор абалда жаткан 2 бейтаптын абалы жакшырып, өткөн апта жалпы бөлүмгө которулган. Алардын биринин абалы оорлошуп, кайрадан жандандыруу бөлүмүнө которулганын облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиев SUPER.KG'ге 13-ноябрда кабарлады.
"Жол кырсыгынан жабыркаган 2 адамдын абалы өтө оор болчу. Өткөн аптада абалдары жакшырып, палатага которгонбуз. Бирок кечээ 65 жаштагы бейтаптын дем алуусу начарлап, кайра жандандыруу бөлүмүнө которулду. Учурда анын абалын дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат. Буттары сынган 7 адамдын ичинен 3 адамга операция ийгиликтүү жасалып, үйлөрүнө чыгарылган. Калган 4 бейтапка да буттарына операция ийгиликтүү жасалды. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө", - деди Салиев.
Эске салсак, 17-октябрь күнү кечке жуук Ош-Баткен-Исфана жолунда жол кырсыгы катталган. Анда киши жана жүк салып бараткан эки Спринтер карама каршы келе жатып сүзүшө кеткен. Натыйжада 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болуп калган.