Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу "М-1 Global" уюмунда кезектеги беттешин өткөрүп жеңишке жетти. Ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде орусиялык "Fighting Eagle" клубунун өкүлү Залимбег Омаров менен күч сынашты.
Беттештин жүрүшүндө Бусурманкул Абдибаит уулу мыкты даярдыкта экенин көрсөттү. Залимбег Омаров эркин күрөштүн ыкмаларын биринчи раундда эле колдонуп баштады. Бир нече жолу Бусурманкул Абдибаит уулунун бутунан кармап жыкканга аракет кылды. Биринчи жана экинчи раундда тең кыргыз спортчусу жеңилдик менен атаандашынын буттан кармаган ыкмасынан чыгып кетти. Ошону менен катар таамай соккуларды узатып жатты. Үчүнчү раундда мушкерлердин беттешинде буттан кармап жыгуу ыкмасы колдонулган жок. Беттеш кызуу жүрүп, жыйынтыгында Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетти.