Футболчу Азамат Байматов бийчи кызга үйлөндү

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов үйлөндү. Анын жубайы бийчи Жибек Бейшееванын кыз узатуу тою Бишкекте 18-ноябрда болду.

Азамат Байматовду санаалаштары Эрмек Нурбаев, Омар, Улан Барпиев, футболчулардан Антон Землянухин коштоп келишти. Футболчу Чемпиондор Лигасынын гимни менен кирип жүгүндү.

Жибек Бейшееванын кыз узатуу тоюнда ырчылар Мирбек Атабеков, Абир Касенов, Токтобек Асаналиев да болду. Жибек Бейшеева "Датка" бийчилер тобунда бийлейт. "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде Азамат Байматов быйыл үйлөнө турганын айтып, сүйүктүүсү тууралуу: "Экөөбүз 1 жылдан ашык мамиле куруп, сүйлөштүк. Менин мүнөзүм да жеңил эмес, чет жерде жүрөм дегендей. Ошого чыдап, колдоп, түшүнүп келе жатканы үчүн ага, өзү айткандай, медаль тагыш керек. Жеке жашооңдо баары жакшы болсо, ишиң да ийгиликтүү болот", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Missing-u
2018-11-18 23:42:31
Озуно окшош экен бактылуу болгула,характерим бар деп кыйынсынбай жакшы жашап кет эми футболист
+23
Altyn2017
2018-11-18 23:47:56
ушулардыкы эле жыргал болду кыздан кыз алышып эле кысып жаша эми ушунусу менен
+21
Appasition
2018-11-19 00:01:15
Ммда
-1
AIA-TOO
2018-11-19 00:16:04
"Артисти аялым дебе" деп койчу эле).
+4
warcaw
2018-11-19 01:18:37
Ошондо экинчи хоткасыбы
+7
555-777
2018-11-19 01:52:36
ЛЧнын гимни менен кирген Азамат ХХХХХХХХХ десе озуну Рамос сезип денесине татуларды тартып алганына куйосунда куйосун...
+4
Feiza1982
2018-11-19 03:07:10
Акча болсо улам жаш кызга үйлөнө берсе болот экенда ээ тиги кызда укмуш экен жаш болсода ...
Эмнеси болсода түбөлүккө бирге болгула анан кичинкей арыктан аттап өтө албай ажырашып кетпей!!!
+6
Benazir08
2018-11-19 04:08:28
ХХХХХХХХ бактылуу болсун эми ылайым характерин менен биздин эмне чатагыбыз бар? Атан апана корсот жанагы 1- аялын мн эле гулдой жашасан болмок жашоо сеники озун билесин да. Оолуга бербей норм жаша эми оомийин.
+7
Benazir08
2018-11-19 04:17:27
Мен мурунку аялынын той койногун кийгем ушулар уйлонгондон кийин эле
-1
tavanova.sarah
2018-11-19 09:59:15
Benazir08, анаан?
0
Meken28
2018-11-19 08:17:18
Bul murun okugan boiunda bolso dekretke chyga turgan ayal alam dedi ele go ,byichige uilonup atat ekenda
0
Modric10
2018-11-19 12:59:07
Озун Роналдуга окшоштурган кыялкеч футболчубуз го
+1
Gulnyr19
2018-11-19 15:10:06
Бул мынча үйлөнөт канчанчысы бул
0
Suzak12
2018-11-19 22:29:30
Эми муну менен жакшы жаша эми а то слишком эркелеп кеттин кыргыздын кыздары жалко бир катынды эптей албайсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан