16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жооп берди.
Эл өкүлү атайын кайрылуу болмоюнча укук коргоо органдары ишти карай албай тургандыгын айтты.
“Маевский камакка алынгандан кийин Текебаевдин ишин кайрадан кароого негиз түзүлдү. Бул Маевскийдин эл аралык деңгээлдеги шылуун экенине далил болду. Анын сотко келип, көрсөтмө берген сөздөрү калп болчу. Ишти кайра карабаса элдин сот системине ишеничи кетет. Кийин жооп берип калышы мүмкүн. Биз укук коргоо органдарына кайрылмайынча алар ишти кайра карай алышпайт. Биз сөзсүз аларга кайрылуу жасайбыз. “Ата Мекен” фракциясы “жаңы чыккан жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап бергиле” деп кат жолдойбуз”, - деди Токтошев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.