КҮНСОБОЛ: Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Текебаев менен Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.

Өмүрбек Текебаевдин ишинде негизги күбөнүн камакка алынышына байланыштуу SUPER.KG порталы "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: “Маевский шылуун экенине соттор ишенбей жүрүшкөн болсо, камалганы анын эл аралык шылуун экенине далил болду”

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин ишин карап чыгууну талап кыларын айтты.

“Маевскийдин кармалышы боюнча 20-ноябрда маалымат жыйын беребиз. Биз Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну, адилеттүү өкүм чыгарууну суранабыз жана талап кылабыз. Анткени Маевскийдин шылуун экенине соттор ишенбей жүрсө, бүгүн 37,5 миллион доллар талап кылып, түрмөгө отурганынан анын эл аралык шылуун экенин билсек болот. Ошол шылуундун сөзүнө ишенип, биздин сот Текебаевди ак жеринен камап жиберди. Эл аралык шылуундарга ишенип, өзүбүздүн саясатчыларды ак жеринен камай берсек адилеттүү эл, күчтүү мамлекет, таза коом боло алабызбы? Сырттан киллер жалдагандай чет өлкөдөн шылуундарды жалдай берсек эгемендүү эл боло алабызбы? Ошондуктан биз буга бөгөт коюп, адилеттүүлүктү талап кылабыз”, - деди Шыкмаматов.

ТОКТОШЕВ: “Маевский камакка алынгандан кийин Текебаевдин ишин кайрадан кароого негиз түзүлдү”

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев атайын кайрылуу болмоюнча укук коргоо органдары ишти карай албай тургандыгын айтты.

“Маевский камакка алынгандан кийин Текебаевдин ишин кайрадан кароого негиз түзүлдү. Бул Маевскийдин эл аралык деңгээлдеги шылуун экенине далил болду. Анын сотко келип, көрсөтмө берген сөздөрү калп болчу. Ишти кайра карабаса элдин сот системине ишеничи кетет. Кийин жооп берип калышы мүмкүн. Биз укук коргоо органдарына кайрылмайынча алар ишти кайра карай алышпайт. Биз сөзсүз аларга кайрылуу жасайбыз. “Ата Мекен” фракциясы “жаңы чыккан жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап бергиле” деп кат жолдойбуз”, - деди Токтошев.

ИМАНАЛИЕВ: "Маевскийдин камалышынан кийин иш кайра каралбаса эл аралык коомчулук астында уят болобуз"

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Леонид Маевский Кыргыз жерине келгенде аны тосуп алган адамдардын жоопкерчилигин да караш керек деген пикирин айтты.

"Буга чейин эле бир катар эл аралык уюмдар ЕККУ, Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюм, Евробиримдик Өмүрбек Текебаевдин саясий мотив менен камалганын айтып билдирүү жасашкан. Маевский боюнча эң өкүнүчтүүсү - кыргыз соту, укук коргоо органдары кыргыздын Роза Отунбаева, Темир Сариев, Исмаил Исаков сыяктуу эл сыйлаган инсандарына ишенбей, алдамчы Маевскийге ишенип алышканы болду. Эл аралык практикада соттор өзүнүн ата мекендик мыйзамына таянышы керек. Маевский Кыргыз жерине келгенде биздин укук коргоо органдарыбыз аны БУУнун катчысын тосуп алгандай күтүп алышкан. Бул мамлекеттин суверенитетин тебелөө болуп эсептелет. Кимдер тосуп алган, ким кепилдик берген, кимдер акча төлөгөнүн текшеришибиз керек. Бул жерде анын жалган көрсөтмө беришине кыргыз бийлиги чоң акча төлөгөндүгү жөнүндө кеп болуп жатат. Үч фракция лидери билдирүү таратты. Биз Текебаевге байланыштуу соттун чечими кайра каралышын талап кылабыз", - деди депутат.

АСИЯ САСЫКБАЕВА: "Маевскийдин камалганын эске алып, Текебаев менен Чотоновдун ишин кайрадан карап чыгууга негиз бар"

Экс-депутат Асия Сасыкбаева Леонид Маевскийге ишенүү мүмкүн эмес экени башында эле айтылганын билдирди.

"Леонид Маевскийге ишенбеш керек. Анткени мурда эле өзүнүн мамлекетинде ага карата кылмыш иштери ачылган экен. Өмүрбек Текебаевди соттоп жатканда жактоочулардын да пикири эске алынган эмес. Бул Алмазбек Атамбаевдин буйругу болуп, УКМК, прокуратура, соттор аркылуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду абакка отургузуп койгон.

Мына Орусияда Маевскийди камакка алышыптыр. Бул ачыктан-ачык мурда биздин айткандарыбыздын баары далилденип жатат. Тиешелүү адамдар өздөрү деле уялышса болмок, чыгаан инсандарды отургузуп коюп, эки жылдан бери унчукпай эле келе жатышат. Эч ким принципиалдуу оюн айткан жок. Билмексенге салып, отура берсин деп жыргап жүрүшөт.

Ошол учурда Маевскийдин сөзүнө ишенип эле соттоп коюшкан, ал эми биз такталган фактыларга таянып 5 далил бергенбиз. Ал каралган жок. Эми ошол эле далилдерди карап, Маевскийдин камалганын эске алып, Текебаев менен Чотоновдун ишин кайрадан карап чыгууга негиз бар", - дейт Сасыкбаева.

КАЗАКБАЕВ: “Текебаев боюнча чечим чыккан. Бирок ага карата коомчулукта “саясий иш” дегендер көбөйүп кетти”

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Ата Мекен” партиясы Текебаевдин иши боюнча мыйзамдуу жол менен укук коргоо органдарына кайрылса болот дейт.

“Леонид Маевскийдин Орусиядан кармалганы ошол өлкөнүн ички иши. Мындай иштерди тергөө жана сот чечет. Ага биз кийлигише албайбыз. Текебаев боюнча чечим чыккан. Бирок ага карата коомчулукта “саясий иш” дегендер көбөйүп кетти. Өмүрбек Текебаев да, Дүйшөнкул Чотонов да өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери демократиянын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. Булардын ишине карата элде “саясатташып кетти” деген пикир бар. Ал эми Маевскийдин эл аралык афёрага аралашканы боюнча буга чейин эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан көп маалыматтар чыккан. Текебаевдин иши боюнча “Ата Мекен” партиясы “тергөө аягына чыккан жок, күнөөсү так далилденген жок” деп айтып жатпады беле. “Саясий иш” деп аталып калгандан кийин мыйзамдуу жол менен Текебаевдин жактоочулары, “Ата Мекен” аракет кылса болот. Бирок ким болбосун бардык иштер мыйзам чегинде болушу керек”, - деди Казакбаев.

ТУРДУКУЛОВ: "Конституциянын атасы деген Текебаевди камагандар өздөрү жоопко тартылышы керек"

Жарандык активист Адил Турдукулов "Маевский шылуун, аферисттин бети ачылды" деди.

"Шылуун, аферист Маевскийдин көрсөтмөсү менен Биринчи Май райондук соту оор берене боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду соттогон. Бул биздин сот системиндеги саясий буюртма жана бийликтин тапшырмасы экени башында эле белгилүү болчу. Мындай чечимдер чыгып жатканы соттордун адилеттиктен тайып, башка жолго түшкөнүнүн башталышы болду деп ойлойм.

Ал эми Маевскийдин камакка алынышы мурда биз айткан сөздүн дагы бир жолу тастыкталышы деп караса болот. Иш кайрадан каралышы керек. Текебаев менен Чотоновго мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон мурдагы УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев жана мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева эмес, ошол катардагы УКМКнын прокурорлору менен тергөөчүлөрү мыйзамды одоно бузуп, кылмыш ишин козгогондору үчүн алардын дагы жоопко тартылышы керектигин баса белгилейбиз.

Маевский өзү эле Кыргыз жерине келип калган жок. Аны бирөө шыкактап алып келди. Анткени эң абройлуу саясатчылардын бири, Конституциянын "атасы" деген Текебаевди камаганга ал башкы курал болгон. Андан башка тастыктоочу күбөлөр жок. Бир гана Маевскийдин көрсөтмөсүнө таянып, ишти жүргүзгөнү ошол убактагы бийликтин да саясий жоопкерчилиги бар", - дейт Турдукулов.

КАНАТБЕК АЗИЗ: "Маевский башка иш менен кармалса деле Текебаевдин иши жаңы кодекстердин негизинде 2019-жылы кайра каралат"

Саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз Маевскийдин камалышы Текебаев жалган көрсөтмөлөр менен камалганынан кабар берет деген пикирин билдирди.

"Орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин камалышы бул Алмазбек Атамдаевдин бийлигинин тушунда саясий буюртма аткарылган деген сөз эле болду. Башкача айтканда, чоң саясий спектакль болгон. Маевский "Мен таза адаммын. Мени алдап кетишти. Мен эч кимди алдаган эмесмин" деп көрсөтмө берген. Бирок 37,5 миллион доллар талап кылган деп кармалды. Маевскийдин өмүр баяны ушундай. Мындай учурда Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керек. Алар жалган көрсөтмөлөр менен камалып отурушат деген сөз. Укук жагынан айтсам, тилекке каршы, Маевскийдин Орусияда кармалышы башка иш болгондуктан Текебаевдин иши кайра кароого негиз болуп бере албайт. 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер күчүнө кире турган болсо ошонун негизинде Текебаевдин иши сөзсүз жаңы жагдайлар менен каралат", - деди Канатбек Азиз.

САЛЯНОВА: "Күнөөсүз адамдардын жалаа менен камалышы укуктук мамлекеттин аброюна доо кетирет"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова абактагы саясатчылар жалган жалаа менен камалганын белгилеп, алардын бошотулушуна башка жагдайлар бар экенин айтты.

"Орусияда ишкер Леонид Маевскийдин камалышы болгону аны мүнөздөй турган эле дагы бир жагдай. Ал камалбаса деле Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун токтоосуз бошотулушу керектигине себептер толтура. Күнөөсүз адамдардын абакта жалаа менен, бир адамдын каалоосу менен балдарынан, карыган ата-энесинен ажырап, алтындай өмүр жашын коротуп атканы укуктук мамлекеттин аброюна доо кетирет. Кудайга дагы жакпайт! Чечим чыгара турган сот. Бийлик үн ката турган болсо, ал сотко таасир катары кабыл алынышы мүмкүн. Мисалы, менин ишимди караган судья Касымбековдун үстүнөн кылмыш ишинин козголушун соттор мыйзам менен иштегиле деген сигнал катары кабыл алышы керек. Мурун буйруктарды мыкты аткарганыңар азыр эске алынбайт дегендей. Түздөн-түз буйрук бербегени менен, кыйыр түрдө бул азыркы бийликтин позициясы деп ишенгим келет", - деди Салянова.

СООРОНКУЛОВА: "Өмүрбек Текебаев Атамбаев үчүн коркунучтуу саясатчы болуп турган"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Маевский бир дагы жолу акысыз эч кимге кызмат кылган адам эмес" деген пикирин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Маевскийдин бардык иштериндеги шылуундугу аныктала турган болсо, Текебаевдин ишинде болгон былыктары да чыгып калат. Мен Маевскийдин баскан жолун изилдеп көрсөм бир дагы жолу акысыз эч кимге кызмат кылган адам эмес экен. Демек, Маевскийге Кыргыз бийлиги бир нерсе убада кылган. Ошол убада кызык жаратат. 1 миллион долларын 7 жыл сурабай жүрүп, 7 жылдан кийин баягы миллионум бар эле деп эстегени күлкүлүү. Мүлктүк абалын, ишин карап көрсөк Маевскийге миллион деген кеп эмес. Текебаевдин ишинде муну пайдаланышкан. Бирок жөн эле бирөөнүн пайдасына иштеген адам эмес. Текебаевди каралоосуна да чоң бир нерсе сунуш кылынган. Маевский өзүнүн жериндеги саясатчылардын, чоң ишкерлер үстүнөн жалаа жаап, сотто 2-3 жолу утулуп, кайра төлөп бериптир. Саясий жана бизнес максаттарынын негизинде ушундай иштерге барып жүргөн. Маевскийди профессионалдуу шылуун деп атаса болот. Ал эми Текебаев менен Чотонов камалганга чейин, камалгандан кийин деле ишин кайрадан кароого толтура негиздер болгон. Бирок сот болгон жок. Далилдерге жана жагдайларга эч ким көңүл бурган эмес. Анткени ишти жапкыла деген буйрук кеткен. Өмүрбек Текебаев Атамбаев үчүн коркунучтуу саясатчы болуп турган. Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Текебаевдин эмнеси коркунучтуу? Ошон үчүн азыркы күндө саясий эрк болуш керек. Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков Текебаевдин иши тууралуу үн катпайт, саясий баа бербейт. Анткени Текебаев көз карандысыз мамлекетти негиздөөчүлөрдүн катарында турат", - деп билдирди Сооронкулова.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан