Депутат Руслан Казакбаев: “Текебаев боюнча чечим чыккан. Бирок ага карата коомчулукта “саясий иш” дегендер көбөйүп кетти”
16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.
Ал “Ата Мекен” партиясы Текебаевдин иши боюнча мыйзамдуу жол менен укук коргоо органдарына кайрылса болот дейт.
“Леонид Маевскийдин Орусиядан кармалганы ошол өлкөнүн ички иши. Мындай иштерди тергөө жана сот чечет. Ага биз кийлигише албайбыз. Текебаев боюнча чечим чыккан. Бирок ага карата коомчулукта “саясий иш” дегендер көбөйүп кетти. Өмүрбек Текебаев да, Дүйшөнкул Чотонов да өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери демократиянын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. Булардын ишине карата элде “саясатташып кетти” деген пикир бар. Ал эми Маевскийдин эл аралык афёрага аралашканы боюнча буга чейин эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан көп маалыматтар чыккан. Текебаевдин иши боюнча “Ата Мекен” партиясы “тергөө аягына чыккан жок, күнөөсү так далилденген жок” деп айтып жатпады беле. “Саясий иш” деп аталып калгандан кийин мыйзамдуу жол менен Текебаевдин жактоочулары, “Ата Мекен” аракет кылса болот. Бирок ким болбосун бардык иштер мыйзам чегинде болушу керек”, - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.