16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Ал "Маевский бир дагы жолу акысыз эч кимге кызмат кылган адам эмес" деген пикирин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.
"Маевскийдин бардык иштериндеги шылуундугу аныктала турган болсо, Текебаевдин ишинде болгон былыктары да чыгып калат. Мен Маевскийдин баскан жолун изилдеп көрсөм бир дагы жолу акысыз эч кимге кызмат кылган адам эмес экен. Демек, Маевскийге Кыргыз бийлиги бир нерсе убада кылган. Ошол убада кызыгуу жаратат. 1 миллион долларын 7 жыл сурабай жүрүп, 7 жылдан кийин баягы миллионум бар эле деп эстегени күлкүлүү. Мүлктүк абалын, ишин карап көрсөк Маевскийге миллион деген кеп эмес.
Текебаевдин ишинде муну пайдаланышкан. Бирок жөн эле бирөөнүн пайдасына иштеген адам эмес. Текебаевди каралоосуна да чоң бир нерсе сунуш кылынган. Маевский өзүнүн жериндеги саясатчылардын, чоң ишкерлер үстүнөн жалаа жаап, сотто 2-3 жолу утулуп, кайра төлөп бериптир. Саясий жана бизнес максаттардын негизинде ушундай иштерге барып жүргөн. Маевскийди профессионалдуу шылуун деп атаса болот.
Ал эми Текебаев менен Чотонов камалганга чейин, камалгандан кийин деле ишин кайрадан кароого толтура негиздер болгон. Бирок сот болгон жок. Далилдерге жана жагдайларга эч ким көңүл бурган эмес. Анткени ишти жапкыла деген буйрук кеткен. Өмүрбек Текебаев Атамбаев үчүн коркунучтуу саясатчы болуп турган. Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Текебаевде эмне коркунучу бар. Ошон үчүн азыркы күндө саясий эрк болуш керек.
Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков Текебаевдин иши тууралуу үн катпайт, саясий баа бербейт. Анткени Текебаев көз карандысыз мамлекетти негиздөөчүлөрдүн катарында турат", - деп билдирди Сооронкулова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.