Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Мындай чечим 19-ноябрда Баткен шаардык соту тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголсо, кийин 281-берененин 5-бөлүгү менен да иш козголгон. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп өскөн Чак айылында жерге берилди.