Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады. Анын айтымында, факты боюнча дагы бир кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков камакка алынды.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголсо, учурда 281-берененин 5-бөлүгү менен иш козголуп, окуянын толук чоо-жайы иликтенүүдө.
Облустук милициядан кабарлашкандай, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:30да шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.