Корей дорама сүйүүчүлөрү биринчи көргөн сериалы катары көбүнесе 3 сериалды айтышат. Алар: "Кышкы соната", "Ва банк" жана "Мыкты жигиттер". Булардын ичинен "Ва банк" 2003-жылы чыккан. Анда баш каармандардын биринин ролун жараткан актриса атагы алыска тарап, атактуулугу баш айланткан ошол жылы Соң Хйе Кйо 22 жашта эле. Арадан 15 жыл өттү. Соң Хйе Кйо ошондой эле фотошопсуз сулуу.

Жолдошу өзүнөн 4 жашка кичүү экендиги эми эле талкууланып бүткөндө буга кошумча 12 жаш кичүү актёр Пак Бо Гом менен чогуу тартылган жаңы сериалы стартта турат. "Бойфренд" деп аталган дорамада Соң Хйе Кйо менен Пак Бо Гом бардык каршылыктарга карабай, бири-бирине ашык болуп калган кыз-жигиттин образын жаратышат. Сериалдын көрсөтүлүшүнүн алдында кечээ, 21-ноябрда Түштүк Кореяда маалымат жыйын өткөрүлдү.
1981-жылы төрөлгөн актриса карьерасын кино талаасынан эмес, моделдиктен баштаган. “Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, сынактан көзгө илинген өспүрүм кызды 1996-жылы “Бактылуу таң” деген сериалга тартылууга чакырышкан. Бирок ал корей сериал сүйүүчүлөрүнө 2000-жылы жарыкка чыккан “Күз жомогу” ("Жүрөгүмдөгү күз") аркылуу гана таанылат.
Ал эми 2003-жылы көрсөтүлгөн кумар оюндары жөнүндөгү “Ва-Банк” сериалынан кийин Соң Хе Кйонун сүймөнчүк катары статусу биротоло бекемделип, атагы ого бетер артат.
2004-жылы анын катышуусундагы “Жылуу уя” сериалы эл алдына тартууланган. Ушул сериалдан кийин 2013-жылга чейин дагы бир дорамага жана бир нече тасмаларга тартылган. Анын айрымдары мактоого арзыса, айрым ролдору көз жаздымда калган. Бирок 2013-жылы чыккан "Ушул кышта шамал согот" сериалы актрисаны кайрадан атактуулукка бөлөгөн. Анда актриса көзү азиз кыздын образын жаратып, белгилүү актёр
Чо Ин Сон менен башкы каармандардын бирин эсте каларлык ойногон.
2016-жылы кезектеги хит сериалга "Күндүн мураскерлерине" тартылган. Аталган дорама атактуулугун гана арттырбай, актрисага аялдык бакытын да таап берген. Ага чейин "Ва банктагы" И Бёң Хон, "Алар жашаган дүйнө" аттуу сериалда чогуу тартылган актёр Хён Бин менен кыз-жигиттик мамиле курган. Бирок актрисанын жүрөгүн багындырган, нике шакегин колуна салган мырза - актёр Соң Жуң Ки болду.
22-ноябрдын жылнаамасы.