ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: "Ва-банк" сериалында башкы ролду аткарып атактуулукка жеткен түштүк кореялык актёр И Бёң Хон 48 жашка чыкты

2003-2004-жылдары "Ва-Банк" сериалын көрбөгөн киши чанда кездешсе керек. Мына ошол тасмада башкы ролду жараткан түштүк кореялык актёр И Бёң Хон 1970-жылы 12-июлда Сеулда төрөлгөн. Ар тараптуу таланттуу мырза төрт тилде эркин сүйлөйт. Саякаттоо жана шляпалардын түрүн коллекциялоо - анын хоббиси.

Актёрдун атасы жеке ишкер болгон. Үй-бүлөсүндө И Бёң Хондон тышкары карындашы Ли Ын Хи дагы коомчулукка таанылып, 1997-жылы "Мисс Корея" титулуна ээ болгон.

Актёр мектепти аяктаган соң, Ханян университетинин француз адабияты адистигин окуп бүтүргөн. Андан соң Чунан университетинин "Театр жана кино" бөлүмүн аяктап, ушул жаатта өзүн табат.

Анын кино жаатындагы карьерасы 1991-жылы KBS телеканалынын "Менин шаарымдын асфальты" телесериалына тартылуусунан башталган. Андан кийин да бир нече тасмаларда роль жараткан. Бирок ал актёр катары 2000-жылы тартылган "Бириккен коопсуздук аймагы" тасмасында таанылып, ал кинотасма ошол кездеги эң каржы топтой алгандыгы менен эсте калып, И Бёң Хон "Эң мыкты эркектин ролу" наамын, ошондой эле Пусан киносынчыларынын премиясына ээ болгон.

Дүйнөлүк атакты 2003-жылы тартылып "корей толкунун" жараткан "Ва-банк" сериалындагы Ким Ин Ханын ролу алып келди. Ушул тасмада дүйнө элинин, ошондой эле Голливуддун мыкты режиссёрлорунун көзүнө илине алган.
Кыздардын жүрөк оорусуна айланган актёр 2003-жылы "Ва-банк" тасмасындагы өнөктөшү Сон Хе Гё менен сүйүү романын курган. Бирок түгөйлөр бир жылдан кийин эки башка жолго түшүшкөн.

Андан тышкары 2009-жылы Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы жашыруун сырларды, биригүүгө болгон аракеттерди жана ага каршы турган атайын жактардын ишмердүүлүгүн чагылдырган "Айрис" сериалына тартылган.

Ушул тасмадан кийин Түштүк Корея сериалдарынын жүзүнө айланган. Көптөгөн кинорежиссёрлор тасмага тартылууга чакырууларды тынбай жөнөтө баштаган. Бирок актёр көбүнчө боевик жанрындагы фильмдерде роль жаратууну тандап, образдарын эң мыкты деңгээлде ачып келет.
"2004-жылы "Ар кимдин өз сыры бар" ("У каждого есть секреты") аттуу мелодрамага тартылган.
Ал эми 2005-жылы "Ачуу жана таттуу" ("Горечь и сладость" 2005) криминалдык драмада образ жаратып, күйөрмандарын сүйүнтө алган.
"Жакшы, жаман жана оорукчан" ("Хороший, плохой, долбанутый") 2008-жылы тартылган фильмде да өзүнүн актёрдук чеберчилигин көрсөтө алган.
Мындан сырткары "Кобранын секириги" ("Бросок кобры 2", "Бросок кобры 3"), "Мен азезилди көрдүм" ("Я видел дьявола" 2010) жана башка көптөгөн белгилүү тасмаларда роль жараткан.
2015-жылы "Терминатор: Генезис" аталышындагы Голливуд тасмасында каардуу каармандын образын ачып берген.
И Бёң Хон бир гана актёр эмес, ырчы катары да таанымал. 1994-жылдан тарта "Tears" ("Көз жаш"), "For My Last Love" ("Акыркы сүйүүмө"), "Fate" ("Тагдыр"), "Odd Eyes" ("Көздөр"), "Promise" ("Убада") жана башка ушул сыяктуу ырларды жаратып, 2017-жылы PSY`дын "I LUV IT" аттуу ырынын клибине тартылганы белгилүү болду.

Карт бойдок 7 жылдык сүйүү мамилесинен соң 2013-жылы актриса Ли Мин Чжонго үйлөнгөн. Сеул шаарында өткөн актёрдун үйлөнүү тоюна 900дөн ашуун конок чакырылып, корей шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар катышкан.

Жылдыздуу түгөйлөр 2015-жылы 31-мартта уулдуу болушкан. 2016-жылы актёр уулу Ли Чжун Хонун биринчи туулган күнүндө салтанаттуу кече уюштурган.

12-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Siren.ms
2018-07-12 19:17:58
Менин суйгонумда бул бала аябай жагат мунозу кандайс болдукен
+1
Siren.ms
2018-07-12 19:19:06
48 жаш дейби аии карып калыптырго мен ойлогом жок дегенде 36 жаш деп
+1
Nevestkaa
2018-07-12 20:01:24
Менин Ким Инам гоооо,настоящий эркек .Кыз кезимде ушул кино болгондо ойлогонмун бардык эркектер ушундай болсо керек деп.
+1
-Sumitra-
2018-07-12 20:09:29
аккаунтун ким билет?
-2
Makkambaev97
2018-07-12 21:28:27
Бугун Хаместин дагы туулган куну ошонуда жазып койгула сураныч Супер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан