Жалал-Абад шаарындагы тарбиячысы балдарды урган бала бакчанын жетекчиси жумушунан четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, кечээ бул окуя боюнча тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Анда 3 жаштагы бала менен кыз сабалган бала бакчанын жетекчисин тергөө амалдарынын аягына чейин кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынган.
Андан сырткары тарбиячы жана анын жардамчысы да жумушунан алынып, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгон.
Эми Жалал-Абад шаарынын аймагындагы 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкери текшерүүгө алынмай болду.
Эске салсак, мындан эки күн мурун интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.