"Бакай Банкы" насыяларга болгон пайыздык ченемдерди азайтты

"Бакай Банкы" 2018-жылдын 22-ноябрынан тартып коммерциялык, керектөөчү жана автокредиттик насыялардын пайыздык ченемдерин 6 пайызга төмөндөттү.

Бүгүнкү күндө "Бакай Банк" ААКсы ири жана чакан ишкерликти колдоо максатында кредиттердин пайыздык ченеминин акчасын улуттук валюта боюнча карап жатат. Насыя алуудагы керектүү болгон документтерди жөнөкөйлөтүү боюнча да иш жүрүүдө.

Коммерциялык насыялар боюнча орто эсеп менен пайыздык ченем кыргыз сому менен 18ден 23 пайызга чейин, АКШ доллары менен 12-16 пайыз болууда. Насыя 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Насыяларга болгон жаңы пайыздык ченемдер

150 000 сомго чейин - 28 пайыз;

  • 150 001 сомдон —750 000 сомго чейин - 23 пайыз;
  • 750 001 сомдон — 1 500 000 сомго чейин - 22 пайыз;
  • 1 500 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин - 21 пайыз;
  • 5 000 001 сомдон - 7 500 000 сомго чейин - 19 пайыз;
  • 7 500 001 сомдон баштап - 18 пайыз.

“Практика жүзүндө көрсөтүлгөндөй улуттук валютада алынган насыялар чакан бизнеске жакшы таасирин тийгизип жатат. Чет элдик валюталарга түздөн-түз таасирин тийгизип жаткан сырткы факторлорго да көз каранды эмес” дейт микрокредиттик бөлүмдүн башчысы Санжар Иманкулов.

Анын айтымында, "Бакай Банкы" улуттук валютадагы ишкерлик насыяларынын пайыздык өлчөмдөрүн төмөндөтүү боюнча активдүү иш алып барууда.

"Насыя алуу үчүн керек болгон документтердин тизмесин жөнөкөйлөттүк. Азыркы учурда 100 000 сомго чейинки насыяларды бир күндүн ичинде аз эле документ менен алууга болот. Алар паспорт жана эмгек акысы тууралуу маалымдама”, - Иманкулов.

Насыя берүүнүн максаты:

  • Акча жүгүртүү капиталын толуктоо (товар айланууну көбөйтүү);
  • Негизги каражаттарды алуу (жабдуулар, автоунаа, ишкердикти өнүктүрүү үчүн кыймылсыз мүлк);
  • Инвестициялык максаттар (курулуш жана коммерциялык кыймылсыз мүлктү оңдоп түзөөдөн өткөрүү);
  • Иштеп жаткан бизнесине керектөө насыясы.

Ар бир насыя үчүн эффективдүү пайыздык ченем эсептелет.

"Бакай Банкында" коммерциялык насыялардын бир нече түрү иштеп жатат. Алар: коммерциялык, керектөө, депозитти күрөөгө коюу насыясы, ипотека, банк кепилдиги. “Бакай Банк” ААКсынын бардык кредиттеринин түрлөрү боюнча расмий сайтыбыздан тааныша аласыздар.

"Бакай Банк" ААКсынын башкы кеңсесинин дареги: Бишкек шаары, Исанова көчөсү 77; Байланыш телефондору: 0312610061, 6111, WhatsApp +996554006111.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан