Муфтий Максатбек Токтомушев Орусиядагы Кыргыз мигранттары менен жолугат

Муфтий Максатбек Токтомушев Орусияга иш сапары менен кеткен. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Муфтий 27-29-ноябрь күндөрү Орусиядагы кыргыз мигранттары менен жолугат. Бул күндөр аралыгында муфтий Якутск, Чита, Иркутск шаарларындагы мекендештер менен кезигет. Жолугушуу муфтияттын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарындагы өкүлү Сүйүн Жусубалиевдин демилгеси менен өтүп жатат.

26-ноябрь күнү Якутск шаарынын борбордук мечитинде саат 17:00дө өттү. Жолугушуу 27-ноябрь күнү Чита шаарынын борбордук мечитинде саат 17:30да, 28-ноябрь күнү Иркутск шаарынын борбордук мечитинде саат 19:00дө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2018-11-27 09:26:16
Хмм...Бат-баттан эле келип турат Орусия жака.Вообще-то.
-2
elebes86
2018-11-27 10:08:45
Муфтиятты давно реформа кылыш керек эле. Бизге арабтардын салтын, жашоосун, кийимин, фанатизмди жайылткан Исламдын кереги жок. Биз кыргыздын салтына баш ийген, мыйзамдарга каршы келбеген, харам деп искуствого, биздин маданиятка кийлигишпеген динди карманыш керек. Негизи чектен ашкан Ислам дини элге жакшылык алып келбейт, андайга эл каршы туруш керек.
-4
Kymbatym
2018-11-27 15:10:44
elebes86,биринчи өзүңөргө реформа жүргүзүп алгыла ХХХХХХХХХХ ХХХХХ айырмасы жок кыздарыңарды тыйып алгыла муфтиятка жүргүзө турган реформанын өзү жок баары илимий иш чара Ханафий масхабы боюнча жүргүзүлөт жакшысы мусулмандарга асылбай ХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-11-27 15:37:11
Kymbatym, этика нормаларын сактаңыз!
0
sinej
2018-11-27 10:26:57
Ушуларды созун угуп алып ойлойсун. Суйлосо кооз суйлошот. Ыйман уйротумуш болушуп, динге берилгендердин конулун озуно бурдуруп, анан алардын атынан суйломуш болушуп, аларды пайдаланып оздорунун жеке кызыкчылыктарын коздоп журушобу деп. Бироо айткандай, бугунку тотальный Ислам кыргыздарга коркунучтуу. Андан коро жаштардын дуйно таанымын билим, илим аркылуу кенейтиш керек.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан