17-октябрда Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага түшкөн жүргүнчүлөрдүн абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда SUPER.KG'ге облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиев кабарлады.
Белгилүү болгондой, буга чейин ооруканада жаткан 65 жаштагы жүргүнчүнүн дем алуусу начарлап, ал палатадан жандандыруу бөлүмүнө которулган. Андан сырткары, жол кырсыгынан буттары сынган 7 адамдын бутуна операция жасалган.
"Бул жол кырсыгынан жабыркаган жүргүнчүлөрдүн баарынын абалы жакшырган соң үйлөрүнө чыгарылды. Алардын ичинен операцияга муктаждарына операция жасалып, калгандары тиешелүү дарылануудан өттү. Акыркы бейтап ооруканадан чыгарылганына 1 аптадай болуп калды", - дейт оорукананын башчысы.
Эске салсак, 17-октябрь күнү кечке жуук Ош-Баткен-Исфана жолунда жол кырсыгы катталган. Анда киши жана жүк салып бараткан эки Спринтер карама-каршы келе жатып сүзүшө кеткен. Натыйжада 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болуп калган.