Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 25 метрге жеткен балатыны орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.
"Быйыл жылдагыдан айырмаланып аянтка кыйылып келинген эмес, жасалма балаты коюлат. Шаардык бюджеттен шаарды жана балатыны орнотуп кооздоо үчүн жалпы 2 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. Алардын ичинен 1 миллион 500 миң сомго балатыны орнотуу жана аны жасалгалоо үчүн тендер жарыяланып, аны "Турат-Дизайн" компаниясы жеңип алган. Тендерден калган акча шаарды Жаңы жыл майрамына кооздоо иштерине жумшалат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Айта кетсек, Жалал-Абад шаарында биринчи жолу 25 метрлик балаты жасалууда. Жыл сайын балатылардын бийиктиги 18 метрден 20 метрге чейин гана болуп келген.
Буга чейин өлкөнүн борбор калаасы Бишкек шаарында орнотулуп жаткан жаңы жылдык балатынын бийиктиги 25 метр экени маалымдалган.