Курманбек Осмонов: "Аида Салянова "баланча депутатты жоопко тарттык" дегенден көрө "мынча адамдын укугун коргодук" деп айтса жарашмак"
"Бүгүн Аида Салянова радиого маек берип жатып "биз мынча депутатты жоопко тарттык" деп жатат. Бул туура эмес. Аида айым андан көрө "биз мынча адамдын укугун коргодук, мынча адамга жардам бердик" десе, мен колдойт элем",- деди депутат Курманбек Осмонов. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын мындай маалыматтар менен өз жетишкендиктерин баса белгилеши жакшы көрүнүш эмес. Ошондой эле эл өкүлү депутаттардын арасындагы тирешүү эч качан жакшылыкка алып келбестигин кошумчалады.