Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев: Электромобилдердин баасы кымбат, жөнөкөй жаран үчүн оор болуп калат”

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев жооп берди.

Ал бүгүнкү күндө Бишкек шаарында автоунаалар экологияны бузуп жаткан жок деген пикирде.

“Автоунаалардан экология бузулуп жатса, бул маселе чечилет. Бишкек шаарында буга чейин 20 жыл мурун жаңы конуштар жок болчу. Абанын бузулушу төмөнкү аймактан көрүнүп турат. Жаңы конуштардын баары ошол аймактарда. Элдин бардыгынын көмүр алып жакканга чамасы келбейт. Алар отундун ордуна дөңгөлөктөрдү, тигүүчү цехтерден чыккан калдыктарды жагышат. Ошондон аба булганып жатат. Электромобилдердин баасы кымбат, жөнөкөй жаран үчүн оор болуп калат. Электромобилдердин эң арзаны эле жок дегенде 8 миң доллардан өйдө турат. Анын жарымы бензин, жарымы электр энергиясы менен жүрөт. Таза электромобилдер өтө кымбат баада”,- дейт Мүзүралиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан