Туратбек Мадылбеков: "Алтынбек Сулайманов ата мекенчи депутаттарга байланыштуу такталбаган кептерди сүйлөп койду"

"Мурунку Ички иштер министри учурунда мародерлукка катыштыгы бар деп Райкан Төлөгөновдун ошол таланып-тонолгон аймактардан телефон чалууларды жасаганы ырас деген маалыматтар чыкты эле. Эми болсо "ата мекенчилердин" ал иштерге катыштыгы жок деп айтып чыгышты". Мындай пикирди депутат Алтынбек Сулайманов бүгүн ЖКда мародерлук фактысын иликтеген депутаттык комиссиянын иши тууралуу маалымат алуу учурунда билдирди. Анын айтымында эгер мародерлукка айыпталган депутаттар жаза албай иш жабылып калчу болсо, коомчулукта "ушинтсек боло берет турбайбы" деген ой жаралышы мүмкүн. Ал эми анын мындай жообуна "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков мындай деп жооп узатты: "Бул ишти ведомство аралык түзүлгөн ИИМдин, УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын эң кыйын деген тергөөчүлөрү, эң кыйын деген опер кызматкерлеринен түзүлгөн оперативдик тергөө тобу 2 ай текшерип чыгышты. Бул тергөө тобуна кирген адамдар префессионал адистер. Анын үстүнө иликтөө иштери Президенттин, Премьер-министрдин, Башкы прокурордун  жана укук коргоо органынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Бир сөз менен айтканда үстүртөн эмес, микроскоп менен карагандай кылып текшеришти. Ошондуктан оперативдүү тергөө тобунун чечимин туура деп эсептешибиз керек. Ал эми оперативдүү тергөө тобунан депутаттык комиссиянын айырмасы эмнеде? Депуттатык комиссиянын ичинде айыл өкмөтү болуп иштеп жүрүп депутат болуп калган адамдар бар. Мурда укук коргоо тармагында иштеген, тажрыйбасы мол адамдар кирсе жакшы болмок. Алар ишти үстүртөн эле иликтеп, "тигил айтты, бул айтты деген нерселерди жазып коюшту. Ал эми Сулаймановдун ошол иликтөөлөргө деңгээли деле жетпейт. Ал ата мекенчи депутаттарга байланыштуу такталбаган кептерди сүйлөп койду. Мындай жол менен карасак анда Сулайманов тууралуу деле айтчу сөздөр толтура чыгат".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан