Германияда 2018 даана алтын тыйын менен кооздолгон балаты Европа өлкөлөрү боюнча эң кымбат деп табылды. Бул жасалганы кымбат баалуу металлдарды саткан "Pro Aurum" компаниясы даярдаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Жаңы жылдык майрамдын негизги атрибуту болгон балаты пирамида формасында болуп, аны кооздоо үчүн 2018 даана алтын тыйын керектелген. Балатынын жалпы салмагы 63 килограмм болуп, баасы 2 миллион 600 миң долларды (178 миллион 635 миң 397 сом) түзгөн.